Сасык тумоо көрсөткүчү бир аптада 9,5% жогорулады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир аптада (6-12-февралга чейин) сасык тумоо менен катталган бейтаптардын саны 6966га жетип, өткөн жумага салыштырмалуу 9,5 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

“Оору боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүүдө. Сасык тумоо жана коранавирустун алдын алуу үчүн бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, тазалыкты сактоо, үшүп калуудан сактануу сыяктуу бардык эрежелерди сактоо сунушталат”, - деп айтылат департамент тараткан маалыматта.

Буга чейин аталган мекеме быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталып жатканын билдирген.

Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада 12 бейтап катталды, алардын жетөө ооруканага жаткырылган.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан. (КЕ)

Дагы караңыз

ИИМ оң рулдуу машинелерди таксиге колдонууга тыюу салууну сунуштадыКоомдук кеңештердин мүчөлөрү президентке кайрылдыУкраина: Зеленский өлкөнүн энергетикалык тармагына жапырт чабуул болушу ыктымалдыгын эскерттиАлмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды