АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи.
Баяндамада адам эркиндигинин ар кыл аспекттери 83 көрсөткүч менен аныкталган. Мыйзам үстөмдүгү, коопсуздук жана коргоо, ээн-эркин жүрүү, дин тутуу, эркин чогулуу жана жарандык коом, эркин ой-пикир билдирүү, алака-катыш, мыйзам системасы жана мүлккө ээ болуу, акчанын наркы, эл аралык соода-сатык эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелет.
Кыргызстанда адамдын жеке эркиндиги 6,15 балл, ал эми экономикалык эркиндиги 6,97; адам эркиндиги 6,70 баллды түзгөн. 2019-2020-жылдары өлкө төрт позицияга ылдыйлаган.
Адам эркиндигинин көрсөткүчүнүн жогорку ченеми 10 балл менен эсептелет. Тизменин башындагы ондукка Швейцария, Жаңы Зеландия, Эстония, Дания, Ирландия, Щвеция, Исландия, Финляндия, Нидерланд, Люксембург кирет. Булар дүйнөдөгү эң эркин өлкөлөр болуп саналат.
АКШ 23-орунда, Грузия - 43, Казакстан -107, Орусия -119, Түркия - 130, Тажикстан -141, Кытай -152-орунда турат.
Тизменин эң этегиндеги Йемендин адам эркиндигин индекси 2.71, Сирияныкы 2.34 деп аныкталган.
Борбор Азия аймагынан иликтөөгө Өзбекстан менен Түркмөнстан кирген эмес. (ZKo)
Дагы караңыз
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирдиТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган төрт адамды таптыТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты Алайда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы адамдын сөөгү табылдыБУУ: Түркия менен Сирияда зилзаладан 26 миллион киши жабыркадыАкылбек Жапаров өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн Дубайга барды