Алайда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кар көчкүнүн алдында калган кишини издөө учуру. (сүрөт ӨКМге таандык)

Алай районунун Мурдаш айылында кар көчкү алдында калган 59 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал үч күн мурун айылдан үч чакырымдай аралыктагы тоого мал издегени чыгып, кар көчкү алдында калган.

Издөө иштерине ӨКМдин 21 куткаруучусу, төрт милиция кызматкери жана 20 чакты ыктыярчылар тартылган.

ӨКМ күн жылып жатканына байланыштуу тоолуу аймактарда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, жарандарды этият болууга чакырып келет.

6-февралда Чоң-Алай районунда тоодо дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү көчкү алдынан табылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алындыБУУ: Түркия менен Сирияда зилзаладан 26 миллион киши жабыркадыӨзбекстан менен Ооганстан темир жол келишимин узарттыПрезидент Садыр Жапаровдун Венгриядагы расмий сапары башталдыУкраина: “Вагнерчилер” Бахмуттун жанындагы кыштакты басып алганын билдирди"Жарыяга ишенип, 30 миң сомдон кол жуудум"