Акылбек Жапаров өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн Дубайга барды

Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапар менен барды. Дубай. 13-февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жумушчу сапар менен барды. Ал сапар алкагында Дубай шаарында өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат деп кабарлады өкмөттүн басма сөз кызматы. Мындан тышкары Акылбек Жапаров БАЭнин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити 13-15-февраль күндөрү "Келечектин өкмөтүн түзүү" деген лозунг алдында өтүп жатат. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Саммиттеги спикерлердин катарында SpaceX, Tesla компанияларынын башкы директору Илон Маск, Meta (Фейсбук) компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш бар.

Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты"Жарыяга ишенип, 30 миң сомдон кол жуудум"Украина: “Вагнерчилер” Бахмуттун жанындагы кыштакты басып алганын билдирдиБУУ Сирияда зилзаладан жабыркаган элге жардам жетпей жатканын билдирди