Түркияда боз үйлөрдү тигүүгө этникалык кыргыздар жардам берет

Жер титирөөнүн айынан миңдеген адам үй-жайсыз калды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.

Кыргыз бийлиги 12-февралда Түркияга дагы 100 куткаруучу, эки учак менен гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, арасында 100 боз үй болорун билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам 12-февралда жөнөтүп-жөнөтүлбөсүн азырынча ырастай элек.

Расмий Бишкек Түркияга зилзала болгон алгачкы күндө эле 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жиберген.

Дагы караңыз

ТИМ: Түркияда дайыны чыкпагандар арасында кыргыз жарандары жокЗалужный Орусия деңиз алдындагы дрондорду колдонгонун билдирдиИликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат “Альянс” фракциясы конуштарды газдаштырууга субсидия берүүнү сунуштадыТүркия менен Сирияда жер титирөөдөн мерт болгондор саны 28 миңден аштыТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты