Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Бүгүн, 12-февралда Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму жыл сайын ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы сынактык жыйынтыгын чыгарат.

2022-жылдагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн сыйлык тапшыруу иш-чарасынын алкагында Бишкекте "Чындык" деп аталган форум өтүп жатат. Анда медиа серепчилер иликтөө журналисттикасы, сөз эркиндиги жөнүндө талкуулашууда.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга, андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Дагы караңыз

Залужный Орусия деңиз алдындагы дрондорду колдонгонун билдирди“Альянс” фракциясы конуштарды газдаштырууга субсидия берүүнү сунуштадыТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мерт болгондор саны 28 миңден аштыӨзбекстан: дарыканаларды тескеген агенттиктин башчысы камалды Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт