Залужный Орусия деңиз алдындагы дрондорду колдонгонун билдирди

Валерий Залужный.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный Орусия деңиз алдындагы дрондорду колдонгонун билдирди. Ал 11-февралда Фейсбуктагы баракчасына буга байланыштуу АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен сүйлөшкөнүн жазды. Залужныйдын ырасташынча, мындай дрондор Кара деңиздеги жарандык кемелердин коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Буга чейин Орусияда мындай курал бар экени жана анын колдонулганы тууралуу маалымдалган эмес. Согушту чагылдырган бир катар орусиячыл Телеграм-каналдар 10-февралда орус аскерлери деңиз дронун колдонгон болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Анда дрон Одессадагы көпүрөнүн түркүгүн талкалады делген видеолор жайгаштырылган.

The Insider басылмасы бул видеолор тартылган жерди аныктап, Затокта шаарчасындагы көпүрө жайгашкан жерден тартылганын ырастаган. Жардыруудан көпүрө канчалык жабыркаганы белгисиз. Буга чейин бул көпүрө Одесса облусунун түштүгүн Украинанын башка аймактарын түз байланыштырган жалгыз жол болчу.

10-февралда Орусия Украинанын түштүгүндө чабуулун көбөйтүп, өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьковдун стратегиялык инфраструктурасына бир нече жолу сокку урган. Запорожьенин энергетика тармагына да чабуул жасалган.

Эксперттер Орусия жердеги чабуулдарын күчөтүүнүн алдында аба соккуларын көбөйтүп жатканын белгилешет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский апта башында Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү өтүндү.

Дагы караңыз

“Альянс” фракциясы конуштарды газдаштырууга субсидия берүүнү сунуштадыТүркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты Түркияда кыргыз куткаруучулары тапкан өспүрүмдүн абалы жакшы Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мерт болгондор саны 28 миңден аштыКыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки өлкөнүн район башчылары жолукту Өзбекстан: дарыканаларды тескеген агенттиктин башчысы камалды Ошто опузалап акча талап кылууга шек саналып спортчулар кармалды