Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ишембиде, 11-февралда кечинде катуу жер титирөөдөн мүрт кеткендердин саны 24 617 адам болгонун билдирди. AFP маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сирияда азырынча 3553 миң кишинин сөөгү табылды жана бул өлкөдө абал оор. Эки өлкөдө курмандыктардын жалпы саны 28 миңден ашты.
Түркияда Германия менен Австралиядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтоткону кабарланды.
Түрк бийликтери кагылышуулар жана атышуулар тууралуу билдире элек, бирок президент Режеп Тайып Эрдоган ишембиде жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда талап-тоноо, морадерчулук фактылары бар экенин ырастап, буга байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти.
Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.
Дагы караңыз
Түркияда кыргыз куткаруучулары тапкан өспүрүмдүн абалы жакшы Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты Түркия: уранды алдында калган кыргыз жаранынын сөөгү табылдыКыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки өлкөнүн район башчылары жолукту Өзбекстан: дарыканаларды тескеген агенттиктин башчысы камалды Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөтОшто опузалап акча талап кылууга шек саналып спортчулар кармалды