Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар 7 жаштагы Алиайчичек деген баланы уранды алдынан аман таап чыканын билдирди.
"Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди",- деп жазылган маалыматта.
Анын алдында, 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан.
Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.
Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.
Саламаттык сактоо министрлиги 11-февралда Түркияга дарыгерлер тобу жөнөтүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараштагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.
Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын кабарлаган.
Дагы караңыз
Түркия: уранды алдында калган кыргыз жаранынын сөөгү табылдыТүркияда кыргыз куткаруучулары тапкан өспүрүмдүн абалы жакшы Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки өлкөнүн район башчылары жолукту Ошто опузалап акча талап кылууга шек саналып спортчулар кармалдыСловакия Украинанын МиГ-29 аскер учагын жөнөтүү өтүнүчүн карайт