Чүйдө төрт эм төрөлгөнүн бүгүн 10-февралда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 29 жаштагы келин үч кыздын жана бир уулдун энеси болду.
Кесардык операция болгон келиндин да, ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык экени кабарланды.
Кыргызстанда жыл сайын эм бала төрөгөн 1,5 миңдей эне катталат, алардын дээрлик көбү эгиз төрөгөндөр.
Төрт эм соңку беш жыл аралыгында былтыр жана 2019-жылы төрөлгөн болчу. (RK)
Дагы караңыз
"Кызымды көрөмбү деп ойлодум". Түркиядан келген кыргызстандыктарАвариялык абалдагы мектептер тизмесине дагы 301и кирди Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтОрусия Украинанын түштүгү менен чыгышында чабуулун күчөттү