Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов абактан ооруканага которулду

Мамбетжунус Абылов.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Абылов бир канча күндөн бери саламаттыгына даттанып жүргөн жана ага эми операция жасалмакчы.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Дагы караңыз

Чечен парламенти Рамзан Кадыровго "журт атасы" деген титул ыйгардыБейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мүрт кеткендер 20 миңден аштыСоода-өнөр жай палатасынын алдында Курулуш комитети түзүлдүДогдурбеков ЭлТР "ПолитКлиниканы" сотко берерин айтты Жогорку Кеңеште ооган кыргыздарынын көйгөйү айтылды