Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-февралда Бишкек шаарындагы "Азия Молл" соода борборунан чыккан өрт саат 18:00дө толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт соода борбордун үчүнчү кабатындагы тамактануучу жайдан чыгып, 20 чарчы метр жер күйгөн.
ӨКМ билдиргендей, имараттын ичиндеги адамдар эвакуацияланды, жабыр тарткандар жок.
"Азия Молл" соода борборундагы өрт өчүрүлдүӨзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-февралда Бишкек шаарындагы "Азия Молл" соода борборунан чыккан өрт саат 18:00дө толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт соода борбордун 3-кабатындагы тамактануучу жайдан чыгып, 20 чарчы метр жер күйгөн. pic.twitter.com/E1n9RRkh92
— Азаттык радиосу (@Azattyk_Radiosu) February 9, 2023
Кыргызстанда 2022-жылы өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылганын 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришкен эле. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.
Куткаруучулар 31 адамды аман алып калып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан.
2020 жана 2021-жылдары өрт кырсыгынан каза болгондор 43 жана 51 адам болгон, материалдык чыгым 854 миллион жана 904 миллион сом деп эсептелген. (TAb)