Каракалпакстанда былтыркы демонстрацияларда күч кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу үч адам камакка алынды.
Аларга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Башкы прокуратура 9-февралда билдирди.
Декабрда Каракалпакстандагы окуяларды иликтеген парламент түзгөн көз карандысыз комиссия коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон.
Анда “күнөөлүүлөрдү кармоодо кызматтык милдеттеринен четтеп, ашыкча күч жана каражаттарды колдонгон укук коргоо кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлөбү?” деген суроо коюлган.
Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.
Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.
Январдын аягында 22 кишиге сот өкүмү чыгып, сегиз жылдан 16 жылга чейин камалышты. Алардын бири абакта көз жумду. 6-февралда дагы 39 кишинин соту башталды.
Дагы караңыз
Тажикстанда алимент төлөбөгөн 398 адам изделүүдөSpaceX украин аскерлерине дрондорду башкаруу үчүн Starlink интернетин колдонууга тыюу салатЧилинин "муз периси" Антарктикада рекорд койдуЖапон чалгын кызматы: Украинада 20дан ашуун орус генералы набыт болду