SpaceX украин аскерлерине дрондорду башкаруу үчүн Starlink интернетин колдонууга тыюу салат

Кең тилкелүү Starlink тутумунун антеннасы. Изюм шаарында тартылган сүрөт.

Америкалык SpaceX компаниясы украин аскерлерине согушта дрондорду башкаруу үчүн Starlink спутник интернет кызматын колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу компаниянын президенти Гвин Шотвелл билдиргенин Reuters жазды.

"Украин армиясын кең тилкелүү байланыш менен камсыз кылган Starlink спутник интернет кызматы курал колдонууга арналган эмес" - деди Шотвелл.

Компаниянын украин бийлиги менен түзгөн келишимине ылайык, Starlink гуманитардык муктаждыктар үчүн колдонулушу керек.

Шотвелл журналисттер менен маегинде, украин аскерлери каршы тараптын турумдарын аныктоо, алыска аткылоо жана бомба таштоо үчүн дрондорду башкарууда Starlink кызматын колдонгонун айтты.

Starlink тармагы Украинага Орусия басып киргенден көп өтпөй жайгаштырылган.

Орусия аймактагы Starlink сигналдарын тосууга аракет кылганда SpaceX кызматтын программалык камсыздоосун күчөткөн.

Январда Украинанын санариптик трансформация министри Михаил Федоров Украина 30 000 Starlink терминалын алганын жарыялаган. Буга каражатты жарым-жартылай Батыш өлкөлөрү жана SpaceX өзү төлөйт.

Былтыр сентябрда SpaceX АКШнын Коргоо министрлигине кат жолдоп, мындан ары Украинадагы Starlink терминалдарын каржылабай турганын билдирген жана Пентагондон бул милдетти өзүнө алууну суранган.

Октябрда SpaceX башчысы Илон Маск компания Украина үчүн Starlink спутниктик байланыштары үчүн төлөмдү улантарын айткан.

Дагы караңыз

Чилинин "муз периси" Антарктикада рекорд койдуЖапон чалгын кызматы: Украинада 20дан ашуун орус генералы набыт болду"Кыргызстанда 300 сомдон өйдө китептер жакшы өтпөйт"Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү