Өткөн жылдын февраль айынан бери Украинадагы согушта 20дан ашуун орусиялык генерал каза болгонун "Никкэй" басылмасы жапон чалгындоо кызматына таянып билдирди.
"Жогорку даражалуу офицерлердин өлүмү Батыш үчүн адаттан тыш көрүнүш жана орус армиясынын алсыздыгын айгинелейт", - деп жазды басылма. Материалда каза болгондордун аты-жөнү аталган эмес.
Буга чейин ачык булактардагы маалыматтарга таянып "Медиазона" басылмасы төрт орус генералы өлгөнүн жазган.
Орусия Украинадагы жоготуулары жөнүндө так маалымат бербейт. Батыш булактары жарадарлар жана өлгөндөр 100 минден көп экенин божомолдойт.
Москва согуштук аракеттер учурунда ондогон украин генералдары өлгөнүн билдирип келатат, ачык маалыматтар муну тастыктабайт. Киев жоготууларды ачык айтпайт.
Дагы караңыз
УКМК кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын билдирди Бишкек ЖЭБи газга өтсө тариф 30-40% жогорулай турганы айтылдыДоминика аралында ооруканада жаткан кыргыз жаранына жардам көрсөтүлүүдө