Акылбек Жапаров былтыр салык 63,8 млрд. сомго көп чогулганын айтты

Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-февралда Салык кызматынын жылдык коллегиясына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда "өлкөнүн фискалдык органынын ишине оң баасын" берди.

"Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок: 2022-жылдын жыйынтыгында Салык кызматы 207 миллиард 901,6 милион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашыкча аткарган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле былтыр көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирди.

"Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилер контролдук-кассалык аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар "жакшылык айлампасы" деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат"

Салык кызматы быйыл 1-марттан тартып фискалдык модул менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктай турганын эскертип, ишкерлери аны жаңылап алууга чакырган.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт былтыртан тартып ККМ колдонууну талап кыла баштаган. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөргөн.

Дагы караңыз

Бишкектеги ыш: Шаар депутаттары ЖЭБдин маалыматын угушту Догдурбеков ЭлТР "ПолитКлиниканы" сотко берерин айтты Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү Орус элчилигинин алдына акцияга чыккан адамды милиция кармап кеттиКыргызстан Түркиядан дагы 22 жаранын эвакуацияладыТүркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 15 миңден аштыКыргызстанда антибиотик боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү