Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашканын 9-февралда эртең менен Би-Би-Си кабарлады. Алардын 12,5 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандар 63 миңдин тегерегинде болууда, куткаруу иштери уланып жатат.
6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды. (ElB)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеште ооган кыргыздарынын көйгөйү айтылдыЖК: чек ара жаңжалында үйү тонолгондорго жардам берүү маселеси көтөрүлдү Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты"Эл талап кылса сапаттуу китептер чыкмак"