Орус аскерлери Харьковдо эки конушка чабуул коюшту

Чабуулга туш болгон аймактардын биринен тартылган сүрөт.

Орус аскерлери Украинанын Харьков облусун аткылап, үч киши жарадар болгонун облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жабыркагандардын экөө жашы 70ке таяп калган пенсионерлер, бирөө 52 жаштагы тургун.

Снегубовдун айтымында, 7-февралда орус аскерлери облустагы Варваривка жана Вовчанск конуштарына чабуул коюшкан. Андан тышкары түн жарымда Харьковдун борборуна атылган ракета өнөр-жай объектисине тийген.

Жергиликтүү бийликтин белгилешинче, Харьковго чабуулдар Орусиянын Белгород облусунан жасалууда.

Далилдерге карабай Москва калктуу конуштарга сокку урганын моюнга албайт.

Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары үчүн да эки аптадан бери айыгышкан салгылашуу уланууда. Reuters агенттиги эки тарапта тең жоготуулар көптүгүн жазды.

Москва "атайын операция" деп атаган согуштун башталганына 24-февралда бир жыл болот.

Дагы караңыз

Украинанын президенти Владимир Зеленский Британияга бардыТүркия-Сирия: зилзала 11 миңден ашуун өмүрдү алды"Эл талап кылса сапаттуу китептер чыкмак"