Кыргызстандын 14 айылдык кеңешинде шайлоо өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 6-февралда кол койгонун Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

БШК 8-февралда жергиликтүү кеңешти шайлоонун календардык планын бекитти. Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси 10-мартка чейин такталып, 30-мартка чейин шайлоо участокторуна бөлүштүрүлүшү керек.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер 9-мартка чейин арыз жазып, керектүү документтерди тапшырат. Аларды каттоо 20-мартка чейин созулат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-мартта башталып, 8-апрель саат 8:00гө чейин жүрөт.

Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. (TAb)

Дагы караңыз

Түркиядагы зилзаладан кийин 13 өзбекстандык дайынсыз болуудаТүркия менен Сирияда зилзалада каза тапкандар 2000ден аштыТИМ: Аданада он кыргыз жараны коопсуз жерге жайгаштырылды Түркиядагы жер титирөөдө Өзбекстандын жараны каза болду