Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондор 9000ден ашты

Автоунааны басып калган имарат.

Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 7100дөн ашты, жарадарлар 40 миңден көп. Сирияда 2470 киши набыт болгонун, 4000дейи жараат алганын Reuters жана башка эл аралык медиалар жазышты. Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөнү кошкондо кырсыкта өлгөндөр 9000ден ашты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштактар талкаланды. Урандылардын астынан миңдеген киши куткарылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирди.

Алааматтан кийинки куткаруу, тазалоо иштерине ондогон мамлекеттер көмөк сунуштады. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Дагы караңыз Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

Дагы караңыз

АКШнын президенти Байден жылдык баяндамасын жасады"Медиазона": Орусиянын абактарында "Вагнерге" жалдангандар азайдыКыйноого каршы борбор тергөө абагында отургандардан арыз түшкөнүн билдирди