Байден Конгресстеги жылдык баяндамасында АКШдагы абалга токтолду

Жо Байден Конгрессте.

АКШ президенти Жо Байден 7-февралдын кечинде Конгрессте өлкөдөгү абал тууралуу жылдык баяндама жасады. Сөзүнүн көпчүлүк бөлүгү анын президенттик кызматтагы эки жыл аралыгында экономика тармагында жетишилген ийгиликтер тууралуу отчет сыяктуу болгонун талдоочулар белгилөөдө.

Байден бул убакыт ичинде 12 миллион жумуш орду түзүлгөнүн, жумушсуздук көрсөткүчү соңку 50 жыл аралыгынан бери алгачкы жолу рекорддук деңгээлде төмөндөгөнүн, инфляция кыскарып, орто класстагы калктын айлык маянасы жогорулаганын, былтыр жыл башында кымбаттап кеткен күйүүчү-майлоочу материалдар кайра арзандаганын айтты.

Өлкө президенти анын демилгеси боюнча кабыл алынган инфраструктурага инвестиция тууралуу мыйзам жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө алып келерин белгилеп, жашоо деңгээли орточо жашаган калкка жардам берүү негизги максаттарынын бири экенин кошумчалады:

“Менин планымдын максаты – унутта калган шаарлар менен адамдарга инвестиция берүү... Биз эч ким артта калбай турган экономиканы түзүп жатабыз!".

Байден социалдык чыгымдар боюнча бир катар жаңы программаларды сунуштап, аларды ишке ашыруу үчүн корпорациялардын жана кирешеси көп америкалыктардын салыгын жогорулатууну сунуш кылды.

"Бардар америкалыктар жана корпорациялар өз үлүшүн төлөшү керек", - деген президент мунайдын баасы жогорулагандыктан болуп көрбөгөндөй киреше тапкан мунай компанияларын бул тармакты өнүктүрүүгө инвестиция салууга ниети жок деп сындады.

Эл аралык мамилелерге Байдендин сөзүндө анча көп көңүл бурулган жок. Ал Орусиянын Украинага кол салуусу Америка жана дүйнө үчүн тарыхый сыноо болгонун белгилеп, "Эң негизги принциптерди коргоо үчүн туруп бере алабызбы? Суверенитетти коргоого турабызбы? Адамдардын тираниядан эркин жашоого болгон укугун коргоого чыгабызбы? Демократияны коргоо үчүн чыгабызбы? Ооба, биз ошондой кылдык!", - деди Байден.

АКШ, анын белгилешинче, өзүнө лидерлик ролду алып, НАТОну биримдикке келтире алды, эл аралык коалиция түзүп, украиналыктар менен бирге агрессорго каршы чыга алды.

Байден залда отурган Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркаровага кайрылып, Америка Украинаны канча керек болсо, ошончо колдой турганын айтты.

Республикачылардын жооп сөзүндө Байдендин дарегине сын айтылды. Арканзас штатынын губернатору Сарра Хаккаби Сандерс президент Байден жана Демократиялык партия америкалыктардын ишеничин актабай, уят кылганын айтып, "Алар муну билишет, сиз билесиз, өзгөрүүгө убакыт келип жетти" деди. Хаккаби инфляция жогору болуп жатканын, кылмыштуулук көрсөткүчү өскөнүн жана Кытай тараптан болуп жаткан коркутууларды белгиледи.

Көпчүлүк комментаторлор Байдендин бул сөзү анын экинчи президенттик мөөнөткө талапкер катары кайрылуусу сыяктуу болгонун белгилеп жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Жанар Акаев орус абактарынан согушка барган кыргызстандыктар маселесин көтөрдү Замирбек Базарбеков судьялар толук эркин эмес экенин айтты Назарбек Нышанов "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген шек менен кармалды Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты