"Торугарт" өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

"Торугарт" өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү убактылуу токтотулганын 7-февралда билдирди.

Буга Кытайдын аймагындагы жолдордун бирине таш кулаганы себеп болгону айтылат.

Учурда кытай тарап жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Мекеме жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө качан уруксат берилерин тактаган эмес. Бул боюнча кошумча маалымат болорун билдирди.

Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

Кытай кыргызстандык жарандардын "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтүшүнө үч жылдан кийин, 9-январдан тарта уруксат берген. Аталган бекет 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу толук жабылып, кийин машине өткөрүү үчүн гана ачылган. (TAb)

Дагы караңыз

Кутманова: "Эти Бакыр-Терексай" өкмөткө 317 млн. долларлык доо койгон Равшан Жээнбеков экспертизанын жыйынтыгын сынга алдыWSJ: Москва менен Тегеран Орусияда дрон чыгарууну көздөп жатат АКШда жаныбарлардын 40%, өсүмдүктөрдүн 34% жоголуу коркунучуна кабылды