Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды

"Баткен" аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Бүгүн, 7-февралдан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданы билдирди. Буга чейин "Тез Жет" авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турары маалымдалган.

"Баткен" аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин өлкө аймагындагы ички жана эл аралык аба майдандар жаңыланып, ички каттамдар жанданарын да айткан.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык, ал эми алтоо –"Жалал-Абад", "Исфана", "Караван", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аймактык деген макамга ээ.

Дагы караңыз

Кыргыз бийлиги Түркия үчүн эсеп ачып, каражат чогулта баштадыЖанар Акаев жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүү керектигин айттыБишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады Текебаев: былтыр 382 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 8,7 млрд. сом кородуТранспорт министрлиги: Кытайга каттаган 1,5 миңдей айдоочу визага муктаж