Исмаил Исаков: “Азаттыктын” жабылышына жол берилсе, терс жагдайлар түзүлөт

Исмаил Исаков.

Кыргызстанда демократиянын түптөлүшүнө, анын баалуулуктарынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон “Азаттык” радиосунун жабылышына жол бериле турган болсо бир катар терс жагдайлар түзүлөрүн 7-февралда Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланган жыйында саясатчы Исмаил Исаков билдирди.

Ал “Азаттыкты” жабам дегендер конституциялык талаптарды бузуп жатышканын, алар бийликке пайдасына караганда зыяны көп “жардамын” берип калышарын айтып,

Кыргызстандын коңшуларга караганда сөз эркиндиги бар, демократиялык аралча деген аброю “Азаттык” менен байланыштуу экенин белгиледи.

Исаков “Азаттык” маалымат айдыңында “аттандаштыкты камсыз кылуучу ЖМК, журналисттер үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген чоң мектеп жана өзүнчө академия” экенин белгилеп, анын жабылышына жол бериле турган болсо кесепеттери кандай болорун кошумчалады:

“Жарандар эркин дискуссия жана маалыматты тандоо укугунан ажыратылып, бир тараптуу маалыматка сугарылат. Бир тараптуу маалымат барып-барып элди жапайычылыкка жана манкурттукка алып барат. Анын жыйынтыгында кул мүнөз коом тарбияланып чыгат. Эл аралык аброю чоң медиадан кол үзүп, эч кимге кереги жок чырды дагы улантабыз. Эл аралык аброюбуз төмөндөйт, ишенимден чыгабыз. Чоң өлкөлөрдүн жана каржылык донорлордун кысымына учурап, кийин уруксат сурап, кайрадан ачканга мажбур болобуз. Бизге ушул керекпи? Мен ойлойм, кереги жок”.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча кезектеги сот отуруму 17-февралга белгиленди.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. (RK)

Дагы караңыз

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден аштыГеннадий Базаров - киного арналган өмүрГеннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасмаВенера Жуматаева: Азыр ЖМКны жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес