Бишкекте Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Геннадий Базаров.

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 7-февралда белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага маркумдун жакындары, депутаттар жана коомдук-саясий, жана маданий ишмерлер катышты.

Базаров 6-февралда 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

Дагы караңыз

Медиа тармагы: Маматокторов репрессиялык мыйзамдар болбошу керектигин айтты Текебаев: былтыр 382 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 8,7 млрд. сом кородуЖанар Акаев жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүү керектигин айттыТранспорт министрлиги: Кытайга каттаган 1,5 миңдей айдоочу визага муктаж Түркияда бир жумалык аза күтүү жарыяланды Улуттук банк валюта рыногуна дагы 47,1 миллион доллар сатты