Норвегиянын өкмөтү Украинага 75 миллиард крон же жети миллиард доллардан ашуун өлчөмдө жардам көрсөтүүнүн беш жылдык планын иштеп чыкты.
Премьер-министр Йонас Гар Стeренин айтымында, Украина жыл сайын 15 миллиард крон транш алат. 2023-жылы бул сумманын жарымы аскердик муктаждыктарга, калган жарымы гуманитардык жардамга жумшалат.
Стере Reuters агенттигине бул Норвегиянын тарыхындагы башка өлкөгө эң чоң жардам программасы экенин айтты. Анын белгилешинче, жемкорлук болбошу үчүн гуманитардык муктаждыктар үчүн каражат мамлекеттик мекемелерге эмес, ушул тармакта иштеген уюмдарга түз өткөрүлөт.
Планды Норвегиянын парламенти жакынкы апталарда бекитет. Оппозициялык Консерваторлор партиясы да аны колдой турганын маалымдаган.
Норвегия Европа чөлкөмүндө Орусиядан кийинки ири мунай өндүрүүчү мамлекет.
Дагы караңыз
Түркия менен Сирияда зилзалада көз жумгандар 2000ге жакындап калдыРепрессия: КГБ архиви ачпаган сырларАРИС "Клооп" басылмасына каршы арызын кайтарып алдыГеннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасма