Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзалада курман болгондор 1014кө жетип, 2824 имарат кыйрады. Бул тууралуу Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер билдиргенин "Ихлас" агенттиги жазды.
Мурдараак президент Режеп Тайып Эрдоган 900дөн ашуун адам набыт болгонун, 5000ден ашууну жараат алганын билдирген. Адистер көз жумгандардын саны көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген.
Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде 221 киши набыт болгону кабарланууда.
Урандыларды тазалоо, издөө-куткаруу уланып жатат. Кыргызстандан да Түркияга куткаруучулар тобу жөнөтүлөрү кабарланган.
АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган.
Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды. (ElB)
Дагы караңыз
Геннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасмаКыргызстандан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобу баратОрусия Луганск облусуна чабуул коюуга камынып жатканы кабарландыБлогерлердин сурагы: сөз эркиндиги жана жоопкерчилик