Түркия - Сирия чегиндеги зилзалада 1500дөн ашуун киши набыт болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондор саны улам өсүп жатат.Түрк бийлиги зилзалада бери дегенде 900 киши каза болгонун, кеминде 5000дей адам жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда. Бир топ имарат, турак жай кыйраган.