Кыргызгидромет борбору чукул билдирүү таратып, 4-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-февралда түнкүсүн Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондорда кар жаашы ыктымал. Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болот.
5-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° градусту түзөт. (ErN)
Дагы караңыз
Батыш өлкөлөрү Орусиянын бензин менен дизелинин баасына чек коюуну макулдаштыTemirov LIVE Акылбек Жапаров Алматыга 1 млн. сом менен учканын маалымдадыИрандын бийлиги камактагы кинорежиссёрду күрөө менен бошотту