УКМК Казакстан менен чектеш жерде жардыруучу зат табылганын билдирди

Казакстан менен чектеш жерде жашырылган жардыруучу затты алуу учуру.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Казакстан менен чектеш тоолуу аймагында ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда маалымдады.

Маалыматка караганда, жашыруун РГД-5 үлгүсүндөгү жардыруучу зат жана 12-калибрдеги мылтык табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калганы, алардын көпчүлүк бөлүгү Таластан жоголгону айтылган.

Кыргызстанда мындан башка да бир топ курал-жарак 2010-жылы Июнь коогалаңында да жоголгон. Анын дагы көбү кайтарыла элек. (MKt\ErN)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист камалдыГермания Украинага "Леопард-1" танктарын беретИрандык белгилүү режиссёр абакта ачкачылык жарыялады