Бишкек: Карызы бар жети миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөрү эскертилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин электр түйүндөрү боюнча ишканасы карызы бар абоненттеринин жарыгын 6-февралдан тартып өчүрө баштай турганын эскертти.

Мекеме 3-февралда жарыялаган кайрылуусунда декабрь-январь айларында өтө суук болгондуктан карыздар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлбөгөнүн, төлөнгөн акы жабдыктарды тейлөөгө, тармактын ишин туруктуу камсыздоого жумшаларын белгиледи.

Борбор калаада, ишкана билдиргендей, дебитордук карызы бар абоненттердин саны 7 миңден ашат.

Кыргызстанда 11-16-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Бишкекте түнкүсүн -25 градуска чейин жетип жатты.

Бишкектин борбордук жылуулук системасына кошулбаган тургундарынын көбү кышкысын электр жылыткыч менен чыгышат. Себеби көмүр да, газ да кымбат түшөт. (RK)

Дагы караңыз

Ирандык белгилүү режиссёр абакта ачкачылык жарыяладыИИМ: Жүзүнөн тааныган камера аркылуу үч айда 171 адам кармалды "Цефтриаксон" сайгандан кийин анафилактикалык шок болгон тогуз адам катталдыЭгембердиевди эскерүү кечесинде "Азаттыктын" маселеси көтөрүлдү