Казакстанда журналист Махамбет Абжанды "атайылап жалган маалымат тараткан" жана "опузалап пара талап кылган" деген айып менен тогуз жылга камалды. Чечимди 3-февралда Астананын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту чыгарды.
Өкүм жарыялангандан кийин залда отургандар "Уят!", "Боштондук!" деп кыйкырышты.
Бир күн мурун прокурор журналистти 11 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү суранган.
2022-жылы 3-июлда кармалган Махамбет Абжан ишкерди опузалап, 50 миллион теңге (180 миң доллар) алууга шек саналып жатканы кабарланган.
Анын алдында Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган.
Дагы караңыз
Журналисттер Украинада өлгөн 13 миңден ашуун орусиялык аскердин аты-жөнүн тактадыЭгембердиевди эскерүү кечесинде "Азаттыктын" маселеси көтөрүлдүАкылбек Жапаров эл аралык форумдагы сөзү жасалма интеллекттин жардамы менен жазылганын айттыПарламентте "Иманов-Ширшов" маселеси дагы көтөрүлдү