Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-февралга чейин камалды. Мындай чечимди 2-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы ырастады.
Ушуну менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар 27 кишиге жетти. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Ушул тапта 27 кишинин 24ү тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында жатат.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.
Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)
Дагы караңыз
Былтыр жолдорго асфальт төшөө иши 3,2 эсе көп жасалдыБелгилүү ишкер Табылды Эгембердиевге арналган эки китеп жарык көрдүЭсептөө палатасы "Кумтөрдүн" эмерегине 2,3 миллион доллар корогонун билдирдиАскерде альтернативдик кызмат өтөө төлөмүн кымбаттатуу сунушталдыБаткен: 100 гектар жерге мисте багын отургузуу иштери мартта башталат