Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевге арналган эки китеп жарык көрдү

Бүгүн, 3-февралда коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Табылды Эгембердиев тууралуу эки китептин бет ачары жана эскерүү иш-чарасы өттү.

"Оо, дарегим! Оо, карегим!" аталышындагы китепте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарындагы саясий-экономикалык жана социалдык-маданий абалын чагылдырган Эгембердиевдин публицистикалык макалалары камтылса, "Көчмөн жаратман" аталышындагы экинчи эмгекте анын үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын эскерүүлөрү камтылган. Түркиядан басылып чыккан китепти журналист Бахтияр Шаматов түзгөн.

УТРКда өткөн эскерүү кечесине белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

“Шоро” компаниясын, этнографилык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген ишкер, публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (MZh)

Дагы караңыз

Киевде саммит башталарда абадан чабуул тууралуу эскертүү берилдиБылтыр жолдорго асфальт төшөө иши 3,2 эсе көп жасалдыОрусиянын казак медиасына басымына байланыштуу ачык кат жолдондуЭсептөө палатасы "Кумтөрдүн" эмерегине 2,3 миллион доллар корогонун билдирдиАскерде альтернативдик кызмат өтөө төлөмүн кымбаттатуу сунушталдыБаткен: 100 гектар жерге мисте багын отургузуу иштери мартта башталат