Кыргызстанда аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев жазды.
Ага ылайык, үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылгандар 50 миң сом, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербегендер 100 миң сом төлөйт. 22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөндөр 300 миң сом төгөт.
Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тартып аскерге барбагандар 25 миң сом, ал эми 22 жашка чыгып бирок аскердик кызмат өтөбөгөндөр бюджетке 50 миң сом төлөйт.
Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскердик кызматка чакырылганда анын мөөнөтүн узартууга укугу жок. (BTo)
Дагы караңыз
Баткен: 100 гектар жерге мисте багын отургузуу иштери мартта башталатӨзбек жараны АКШнын антиорусиялык санкциясына киргизилдиБашкы прокуратура: Рузахунов жана Сыдыков боюнча тийиштүү материалдар казак тарапка жөнөтүлдү Былтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталганИИМ: Жүзүнөн тааныган камера аркылуу үч айда 171 адам кармалды