2-февралда Талас шаардык соту коррупцияга шек саналып кармалган шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековду үй камагына чыгарганын 3-февралда "Азаттыкка" облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.
1-февралда шаардык сот вице-мэр Максат Байжигитовду да үй камагына чыгарган. Кармалгандарды үй камагына чыгарууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өтүнүчү себеп болгон.
Буга чейин шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин вице-спикери Азиз Курамаев да үй камагына чыгарылган.
УКМК Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Атайын кызмат 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 миллион сомдон ашканын жарыялаган.
Талас шаардык кеңешинин депутаттары жергиликтүү жетекчилер мыйзамсыз кармалганын, шаардык бюджетке ижара акыдан көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. (MKt)
Дагы караңыз
ФИФАнын машыктыруучусу кыргызстандык жеткинчектерди тарбиялай баштадыКазакстандын түштүгүндө суу ташкындан 200өй адам эвакуацияланды"Шоро" байке мекенчил, намыскөй элеСөз эркиндиги: "Клооптун" сайты, "Азаттыктын" соту