УКМК беш адам “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунан чыкканын билдирди

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тарткандар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун беш тургуну Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын билдирди.

Маалыматка караганда, алар уюмдун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Сот 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчу жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Санарип байланышы менен камсыздоо иши боюнча маалымат берилдиШаардык сот “Азаттыктын” УКМКга каршы арызын канааттандырган жокЖапония чек ара жаңжалында жабыркаган 25 миңдей кишиге колдоо көрсөтөтУКМК "Керемет Банктын" иши боюнча Улуттук банктын мурдагы кызматкерин кармадыKloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жаздыБашкы прокурор Тажикстанга байланыштуу кылмыш иши тууралуу маалымат берди