Санарип байланышы менен камсыздоо иши боюнча маалымат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 2G, 3G жана 4G байланыш технологиялары менен камсыз болушунун жалпы көрсөткүчү бүгүнкү күндө 97,9% түзүүдө. Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов бүгүн 2-февралда өлкөнү байланыш менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын 2220 калктуу пунктунун 98,8% байланыштын 2G технологиясы менен, 98% 3G жана 96,9% 4G менен камсыз болгонун билдирди.

Министр байланыштын сапаты аймак жайгашкан жердин географиялык өзгөчөлүктөрүнөн, аба ырайынан, колдонуучунун байланыш каражатынан, тарифтик планынан жана башка факторлордон көз каранды экенин белгилеп, азыркы тапта байланыштын була-оптика линиялары курулуп жатканын, алар алда канча сапаттуу келерин кошумчалады.

Соңку кезде айрым байланыш операторлорунун ишине наарызы болгондор сын айтууда. Алар негизинен интернет начар болуп, үзгүлтүккө учурап жатканын белгилөөдө. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстандык парадзюдочулар эл аралык мелдештен үч байге менен кайтышыТүштүк Корея: президенттин импичменти менен аяктаган журналисттик иликтөөлөр"Сократтын мурасын жаштар билсе дейм""Өз мекенимде, өз театрымда иштегим келет". Мариинск театрынын солисти Канат