Украинанын Краматорск шаарында көп кабаттуу үй орус аскерлери аткан ракетадан талкаланды.
Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко кеминде 3 адам өлүп, 20 киши жараат алганын билдирди. Калаанын борборунда бутага алынган турак жайдын урандыларынын астында дагы адамдар болушу мүмкүн деген божомол бар.
Донецк облустук полициясынын маалыматына караганда, орус аскерлеринин "Искандер-К" ракетасынан бери дегенде көп кабаттуу сегиз үй зыян тартты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду “карасанатайлык менен коштолгон өлкөдөгү жашоонун күнүмдүк чындыгы” деп сыпаттады.
Орусия тарап бул ракеталык сокку тууралуу комментарий бере элек.
Украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү Краматорск орус аскерлери тынымсыз чабуул коюп жаткан Бахмут шаарынан ондогон чакырым жерде жайгашкан.
Дагы караңыз
Кыргызстандык парадзюдочулар эл аралык мелдештен үч байге менен кайтышы"Сократтын мурасын жаштар билсе дейм"Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климатЖапония чек ара жаңжалында жабыркаган 25 миңдей кишиге колдоо көрсөтөт