Кыргызстандык парадзюдочулар эл аралык мелдештен үч байге менен кайтышы

Маматибрагим Суранов, Хайитхон Хусан кызы, Алихан Жумагулов.

Португалияда өткөн парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга жетишкен кыргызстандык спортчулар бүгүн 2-февралда Бишкекке кайтып келишти. Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, аларды “Манас” эл аралык аэропортунан Улуттук паралимпиада комитетинин жана парадзюдо федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмада шаарында (Португалия) өткөн “Гран-При Алмейда” эл аралык мелдешинде бир алтын жана эки коло медаль жеңген.

Алар Хайитхон Хусан кызы (48 кг) – 1 орун, Алихан Жумагулов (60 кг) – 3 орун жана Маматибрагим Суранов (73 кг) – 3 орун.

Мелдеш 26-январь күнү башталып, 30-январда жыйынтыкталган. Хайитхон Хусан кызы 2021-жылы Жапонияда өткөн паралимпиада оюндарынын катышуучусу болгон.(RK)

Дагы караңыз

Түштүк Корея: президенттин импичменти менен аяктаган журналисттик иликтөөлөр"Сократтын мурасын жаштар билсе дейм""Өз мекенимде, өз театрымда иштегим келет". Мариинск театрынын солисти КанатЖайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат