Жети ЖМК фейктерге каршы Checkit Media платформасын түздү

Checkit Media.

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түздү. Бул Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашты.

2020-жылдан тартып Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg жана “Апрель ТВ” порталдары “Медиа-БлокПост” улуттук платформага биригип, пандемия убагында дезинформацияга каршы күрөшүп келген. Ал азыр Checkit Media деп өзгөртүлүп шериктештикке Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кошулду.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери социалдык тармактарда фейк аккаунттардын маселеси көтөрүлүп келатат. Фейктер айрыкча шайлоолордо, коомдо талкуу жараткан окуяларда жанданат. Алар туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып коомдун пикирин өзгөрткөнгө аракет кылат.

Bulak.kg сайты жакында эле “Азаттыктын” жана “Кактус Медианын” жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин аныктаган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК "Керемет Банктын" иши боюнча Улуттук банктын мурдагы кызматкерин кармадыДепутат АРИСтин иши боюнча маалымат алуу сунушун бердиЖКда Баткенде камакка алынган келиндин маселеси көтөрүлдүАКШ элчиси Кыргызстанда эркин медиалар көбөйүшү керектигин айттыУлуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтоттуKloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жазды