ЖКда Баткенде камакка алынган келиндин маселеси көтөрүлдү

Камила Талиева.

Баткендин Кадамжай районунда кызын сабады деген шек менен бир айга камалган келиндин маселеси Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Камила Талиева камакка алынган аял үй-бүлөдө зомбулук көргөнүн, ага психологиялык жактан жардам берүү ордуна тергөө абагына камакка алуу туура эмес экенин айтты.

“Ал аял эне. Психологиялык жактан оор абалда турганда баласын уруп койгондур. Бирок аялды камап, балдарынан ажыратып коюу туура эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне, мыйзамдык зомбулукка кабылбашы керек. Кичине жеңил чара көрүп, коомчулук жардам берсек”, - деди депутат.

Эки жашар кызын сабаган деп шек саналган келин 1-февралда Кадамжай райондук сотунун чечими менен бир айга камалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Дагы караңыз

АКШ элчиси Кыргызстанда эркин медиалар көбөйүшү керектигин айттыУлуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтоттуKloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жаздыЖети эл аралык уюм "Азаттык" жана сөз эркиндигинин абалы боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду Азербайжанда 40тай адам "тыңчы" деп кармалганы айтылууда“Кемпир-Абадды коргоо комитети” башкы прокурорго кайрылдыМүнхен коопсуздук жыйынына орус оппозициясынын өкүлдөрү чакырылдыКазакстандык басылмага Орусиянын сотунан чакыруу келдиТалас: Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болду

Окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Келиндин үч баласы Кадамжай районунун Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат. (BTo)