Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси бүгүн 1-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
“Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, 2023-жылга карата биргелешкен пландар талкууланып, саясий, соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, - деп билдирди ТИМ.
АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен.
Президент Садыр Жапаров аны 30-декабрда кабыл алып, ортодогу кызматташтык мамилелерин талкуулаган.
Кыргызстандын башкы дипломаты Кулубаев менен Вигери 6-декабрда да кезигишкен.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген. (RK)
Дагы караңыз
ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылдыУКМК: Чүйдө электр тармактарында иштеген инженер пара берип кармалдыДепутат: “Камбар-Ата-1дин” көп үлүшү коңшу өлкөлөргө берилгени кооптуу Кыргызстан электр тармагына сырттан 50 миллион доллар алганы жатат