УКМК: Чүйдө электр тармактарында иштеген инженер пара берип кармалды

Пара үчүн бериле турган акча. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери көп суммада пара берип жатканда кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Аламүдүн райондук электр тарматарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу пара сунуштаган. Ал 31-январда 350 миң сом которуп жатканда кармалган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен кылмыштардын бирдиктүү системасында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Караколдо адамдын жүзүн таануучу жүздөн ашык камера коюлдуСырттан келген жалпы насыянын 137 миллиард сому электр тармагына жумшалганПрезидент Жапаров Баткендеги курулуш иштери тууралуу сындарга жооп бердиСадыр Жапаров өкмөт башчыны кызматтан кетирбей турганын айтты ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылды