2-февралдын аба ырайы

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 2-февралда Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетет.

2-февралдан 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автожолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы керек.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Баткендеги курулуш иштери тууралуу сындарга жооп бердиСадыр Жапаров өкмөт башчыны кызматтан кетирбей турганын айтты Киев батыш өнөктөштөрүнөн 140 танк алатӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылдыСултанбаев "Белестин" автобустарына байланыштуу түшүндүрмө берди Кемпир-Абад иши: Жактоочулардын ИИМдин Тергөө кызматына каршы даттануусу сотто карала баштады