Садыр Жапаров өкмөт башчыны кызматтан кетирбей турганын айтты

Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. (Архив)

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетпей турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-февралда “Кабар” маалымат агенттигине берген чакан маегинде айтты. Ал президент катары Акылбек Жапаровдун ар бир ишине көз салып жатканын, өкмөт туура эмес иштесе эскертип турарын кошумчалады.

“Ооба, туура. “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт”.

Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында ишке киришкен. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда өкмөт башчынын отставкасын талап кылган чакырыктар көбөйдү. Айрым интернет колдонуучулар буга чейин да ушундай эле талаптарды жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Эгемендик тарыхында 30дан ашык өкмөт башчы алмашкан. (BTo)

Дагы караңыз

ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылдыСултанбаев "Белестин" автобустарына байланыштуу түшүндүрмө берди Кемпир-Абад иши: Жактоочулардын ИИМдин Тергөө кызматына каршы даттануусу сотто карала баштадыПарламентте TikTok социалдык тармагын чектөө сунушу айтылды Кыргызстан Түркиядан акысыз дарылануу квотасын көбөйтүүнү сурандыБишкекте адамды жүзүнөн тааныган 500дөн ашык камера иштеп баштадыМинистрлик жаңы ооруканаларды куруу планы боюнча маалымат берди