Министрлик жаңы ооруканаларды куруу планы боюнча маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл ондогон медициналык жай жаңы курулуп же толук оңдолорун бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Анын айтымында, Бишкекте курула турганы экөө, калгандарынын баары аймактарда болот:

“Үч багытта иш жүргүзүлүп жатат. Титулдук тизмеге 77 объект кирген курулуш иштерине, ал эми оңдоп-түзөө иштерине 19 объектти киргизгенбиз, бирок каражат жетишпегенине байланыштуу аны кичине кыскартканга туура келет окшойт. Экинчи багыт – Кыргызстан боюнча чоң, заманбап ооруканаларды куруу долбоорлору. Биринчи этабында жети жерге салына турган долбоор иштелип бүтөйүн деп калды. Үчүнчү багыт – азыркы иштеп жаткан ооруканалардын алдына кабыл алуу блокторун салабыз. 80ге жакын объект деп пландаштырып жатабыз”.

Кыргызстанда оорукана-бейтапканалардын дээрлик баары советтик мезгилде курулган. Жаңы курулгандар жеке компанияларга таандык. Имараттардын эскилиги жеткени, көпчүлүк жерлерде медициналык жабдык заман талабына жооп бербей турганы айтылып, талкууланып келет. (RK)

Дагы караңыз

Украинада окко учкан кыргыз жараны ал жакка кандайча барып калганын териштирүү талабы коюлду Баткен үчүн элден чогулган акчанын дайыны боюнча маалымат алуу сунушталдыПиязды сыртка экспорттоого үч айлык чектөө киргизилди"Каримов режими нугунда". Каракалпак активисттерине өкүм чыкты