Казакстандык ЖМК Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн Орусиянын сотуна чакыруу алды

Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандык Arbat.media порталы Украинадагы согуш тууралуу жарыялаган материалына байланыштуу Орусиянын Владимир шаарынын Ленин райондук сотуна чакырылып жатканы тууралуу почта аркылуу билдирме алганын маалымдады.

Сотко доо арыз менен Орусия армиясынын 19-аскердик прокуратурасы жана №56680 аскердик бөлүгү кайрылганы, алгачкы соттук териштирүү 17-февралга дайындалганы белгилүү болду.

Басылманын маалыматына караганда, сотко кайрылгандар редакциянын макаласында Орусия “атайын аскердик операция” деп атап жаткан Украинадагы согушу тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалымат жарыялаганын белгилеген.

Аrbat.media коюлуп жаткан айып негизсиз экенин билдирүүдө.

Бул казакстандык жалпыга маалымдоо каражаты Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн орусиялык сотко чакырылып жаткан алгачкы окуя. Буга чейин Роскомнадзор уюмунан материалды өчүртүү тууралуу эскертүүлөр гана болуп жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Талас: Бекмолдонун багы ачылбаган жолдору Хакерлер Эрмитаждагы музейде Бучадагы калабаны көрсөтүштүКыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китеп жарык көрдүБУУ "Вагнердин" Малидеги ыктымал кылмыштарын иликтөөгө үндөдү