Өзгөндө прокуратура кыйноого шектүү милиционерлерге иш козгоодон баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунун прокуратурасы эки кишинин кыйноого алынышына шектүү милиционерлер боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын Кыйноолорго каршы улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзгөн милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган эки адам ур-токмокко алынганы жөнүндө кабар 2022-жылдын 12-декабрында түшкөн. Борбордун кызматкерлери ал жакка барганда алардын бети-башында жана денесинде көк ала тактар бар экенин көрүшкөн. Кармалгандар аларды милиционерлер күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн сабаганын айтып беришкен.

Тийиштүү документтер жөнөтүлгөнүнө карабастан Өзгөн райондук прокуратурасы, борбор билдиргендей, “кылмыш жок” деген негизде иш козгоодон баш тарткан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы иш козгоодон баш тартылганын “Азаттыкка” тастыктады.

Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

2012-2021-жылдары, расмий маалыматка караганда, күч органдарында иштеген 18 кызматкер кыйноо үчүн айыптуу деп табылган.

Дагы караңыз

Transparency International Кыргызстан автократияга ыктаганын эскерттиКемпир-Абад иши: Сотту жабык өткөрүүгө жол ачкан "жашыруун" грифБишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлөтПакистандагы жардыруунун курмандыктары 90дон ашты