Соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын Фондулук биржасында дээрлик 18 миллиард сомго эки миңден ашуун келишим түзүлүп, тарыхый максимум катталганын 31-январда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда биржанын президенти Медет Назаралиев билдирди.
Анын айтымында, былтыр бардык багыттар боюнча өсүү болгон.
«Бул көрсөткүчтөр бизнес инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн, ал эми мамлекет жаңы компаниялар ачык акционердик коом формасында түзүлүшү керектигин түшүнүп жатканынын далили. Жаңы компаниялар листинг процедурасынан өтүп, бизнес инвестицияны фондулук базардагы ачык жана түшүнүктүү механизм аркылуу тартууга умтулууда», — деди Назаралиев.
2021-жылы, мекеменин маалыматына караганда, түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы эки эсе аз болгон.
Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 1994-жылы түзүлгөн. Анын максаты – баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо. (RK)
Дагы караңыз
"Эки колдон ажыраганда элдин колдоосу дем берди". Саматтын 12 жылдан кийинки жашоосу Кулябда жергиликтүү тургундун өлүмүн адилет тергөөнү талап кылган митинг өттүКаракалпакстан окуяларына айыпталган Тажимуратов 16 жылга соттолдуМинистрлик: КУУнун бир да мүлкү күрөөдө эмес, Исманкуловдун клиникасы менен сотубуз уланууда